super.kg logo

Пекиндеги кышкы Олимпиада оюндары биринчи жолу жасалма кардын үстүндө өтүүдө

 

2022-жылы Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндары тарыхта биринчи жолу жасалма кардын үстүндө өтүүдө. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, климаттын өзгөрүшү спортко да таасирин тийгизип, кардын дээрлик бардыгы жасалма экени аныкталды.

Болжол менен 800 миң чарчы метр аянтты камтууга жетиштүү карды түзүү үчүн уюштуруучулар желдеткичтери бар 130 кар генераторду, 8 муздаткыч мунараларды жана 300гө жакын кар генераторун орнотууда.

Олимпиада оюндарын өткөрүү үчүн жалпысынан 1 миллион 200 миң куб метрге жакын жасалма кар керектелет. Ал эми карга сарпталган суунун көлөмү дээрлик 100 миллион адамдын күнүмдүк ичүүчү суусу менен барабар.

Ошондой эле бул көлөмдөгү кардын пайда болушу үчүн абдан чоң энергия талап кылынат. Бул ыкма планетага зыян келтиргенден тышкары, спортчулардын ден соолугуна да терс таасир тийгизиши мүмкүн экени айтылат.

Эскерте кетсек, XXIV кышкы Олимпиада оюндары Пекинде 2022-жылдын 4-февралынан 20-февралга чейин өтөрү маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(2)
08.02.2022. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кана фото же видеосу?
09.02.2022. 07:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сочиде откондо деле жасалма кар колдонушкан орустар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: