Ахматбек Келдибековго козголгон кылмыш ишине катыштыгы бар негизги адам качып кетиптир
Депутат Ахматбек Келдибековго карата козголгон кылмыш ишине катыштыгы бар негизги адамдардын бири качып кетти. Муну бүгүн, 21-ноябрда парламент жыйынында башкы прокурор Аида Салянова айтты. Депутаттардын “Келдибековду камакка албай эле тергөө жүргүзсө болбойт беле?” деген суроосуна Салянова: “Биринчиден, Келдибековду камакка алууга мыйзам жол берет. Экинчиден, тергөө ишине керектүү адамдардын бири качып кетиптир. Кылмыш ишине катыштыгы бар башка адамдарга да таасир этпесин деп Келдибековду кармадык”,- деди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















