Кыргызстандын жаңы муфтийи 15-декабрда шайланат
15-декабрда Бишкек шаарында Кыргызстан Уламалар кеңешинин курултайы өтөт. Бул тууралуу бүгүн муфтийдин орун басары Замир кары Ракиев маалымдады. Анын айтымында, бул курултайда Кыргызстандын жаңы муфтийи шайланат жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жаңы жобосун бекитүү каралат. "Эң маанилүү маселелердин бири - Уламалар кеңешин тандоо. Азыр анын курамында 35 адам бар, буга айрымдар нааразы. Ошондуктан алардын санын кыскартуу жана көбөйтүү сунуштары бар",- дейт Ракиев.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

