Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылды. Ал киши колдуу каза болгон



Ошто дайынсыз жоголгон 4-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен кабарлашты.
Милициянын маалыматына ылайык, ал киши колдуу каза болгон жана кылмышка шектүү адам кармалды.
Окуянын чоо-жайы:
Ош шаарына караштуу Кеңеш айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда ал 2000-жылы туулган кызы 30-январда саат 09:00 чамасында окууга кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткандыгын билдирген.
Бул маалымат Ош ШИИБи тарабынан 2022-жылдын 31-январында катталган. Окуя боюнча күбө катары дайынсыз жоголгон кыздын жакындары, тааныштары суралган.
Кылмышка шектелип Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, ОшМУнун 4-курсунун студенти Н.А. качып жүргөн жеринен кармалды.
Шектүү Н.А. алгачкы көрсөтмөсүндө “2022-жылы 30-январда саат 10:00 чамасында тааныш, сүйлөшүп жүргөн кызым Т.М. менен жолугуп, аны менен өзүм жашаган үйгө келдик. Анан ошол жерде экөөбүз сүйлөшүп отуруп, чырдашып, урушуп кеттик. Ошондо менин ачуум келип, аны үйдөгү аш бычак менен сайгылап өлтүрүп салдым. Андан соң анын өлүгүн үйдүн жанына көмүп, кышкы кийимдерин, сумкасын сыртта жайгашкан ажатканага ыргытып жибердим. Ошол күнү окууга бардым. Эртеси, 31-январда Өзбекстандын аймагына өтүп, ошол жактан Орусияга учуп кеттим”, - деп билдирген.
Кылмышка шектүү А.Н.нын көрсөтмөсүнүн негизинде, бүгүн 18:00 чамасында Кара-Суу районундагы Ишкаван айылындагы шектүү короого кароо жүргүзүлүп, үйдүн түндүк тарабындагы дубалы менен короонун дубалынын ортосунан болжол менен 35-40 сантиметр тереңдикте казылган чуңкурда дайынсыз жоголгон 2000-жылы туулган Т.М.нын жансыз денеси табылган.
Дене ташталган чуңкур топурак менен көмүлүп, үстүнөн курулуш материалдарынын таштандылары менен жашырылган абалда болгон. Шектүү өлүктү көмгөн жерин жактоочусунун катышуусунда көрсөтүп берген. Денени алгачкы кароо учурунда анын денесинин үстүнкү бөлүгүндө 9 даана курч миздүү буюмдун натыйжасында келтирилген дене жарааттары бар экендиги аныкталган.
Кармалган жаран Ош ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда кылмыш иши боюнча соттук-биологиялык, соттук-медициналык, соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, күбөлөр жана жабырлануучу тарап суракка алынып, тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(5)
Ala.too.456

08.02.2022. 23:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошондо бул ит Орусиядан кайра качан учуп келген...?
Arzybekkg

09.02.2022. 00:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыз эмнеге окууга деп чыгып анын уйуно барып алды дейм да.. Эхх ажалын издеп барган экен да...
bayern-munchen

09.02.2022. 08:30
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Arzybekkg,эми азыр жашоо ошондой болуп калды го тууган эч кимде намыс калбады эркекгинде дагы аялында дагы кыргызды Бир жолго салчуу Адам керек болуп калды куч менен болсо дагы
Antiradikal10

09.02.2022. 09:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байдын баласы кутуруптур да козун май басып.
ainura220888

09.02.2022. 16:29
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жаш омуру турмодо чирийт.Бул бир куну чыгат баары бир тиги бироонун ай мончоктой кызы калды жер алдында. Бок барбы бул зоокурдун уйуно. Азыркылардан коркосун сразу коркбой олтуруп салышат. Интернетен балеенин баарын корушот.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.