super.kg logo

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп издөөдө жүргөн жаран Орусиядан кармалып, өлкөгө алынып келди

 

Адам өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелген Чүй облусунун тургуну Орусиядан Кыргыз өлкөсүнө экстрадицияланды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн РИИБи тарабынан экстрадицияланган 29 жаштагы К.М.га карата кылмыш иши козголду. 2014-жылдын январь айында Аламүдүн районунун аймагында белгисиз адамдар тобу 1990-жылы жана 1989-жылы туулган эки жарандын денесине оор залал келтиришкен. Алардын биринин денесине оор залал келтирилип, өмүрүнө коркунуч келтирилген. Буга чейин бул иш боюнча алты шектүү кармалган. Алардын ичинен экөө из жашырып, башка мамлекеттердин аймагынан кармалган.

Өткөн жылы жайында издөөдө жүргөн К.М. аттуу жаран Орусиядан кармалган. Февраль айынын башында ал мекенине экстрадицияланып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: