"Кимдер аферист экенин айтсын". Депутат Мураталиев Алымкадыр Бейшеналиевди парламентке чакырууну сунуштады
Депутат Марат Мураталиев саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди парламентке чакырууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Таластан аксакалдар келип өздөрүнүн сөздөрүн айтып жатышат. Министр эки журналистке "мен Талас элинен кечирим сурайм" деп айтып койду. Андай кечиримди эч ким күтүп жаткан жок. Бүт кыргыз элинен кечирим сурашы керек. Реформасын колдойбуз. Эл күтүп жатат, трибунадан кимдер аферист экенин айтып койсун. Бул жакшылыкка алып барбайт", - дейт Мураталиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
1

