super.kg logo

Орусияда курулуш тармагына иштегенге 2 миллионго чукул мигрант жетишпей жатат

 

Орусияда курулуш тармагына иштегенге жумушчу күчү жетишсиз болууда. Бул тууралуу Орусиянын Улуттук куруучулар ассоциациясынын жетекчиси Антон Глушковго таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, кеп 2 миллионго чукул чет элдик эмгек мигранттар жөнүндө болуп жатат. Глушковдун айтымында мигранттардын жардамысыз Орусиядагы курулуштун бардык көлөмүн ишке ашыруу мүмкүн эмес.

Ошондой эле ал учурда куруучулардын ордуна атайын техниканы колдонуу пайдалуураак экенин белгилеп, учурда бул механизм иштелип жатканын айткан.

"Мурда эки-үч мигрант иштеген жерге, азыр техниканы иштетип, аны колдонуу пайдалуураак", - деген Глушков.

2021-жылдын ноябрь айында Москва бийлиги курулуш иштеринде иштеген мигранттардын санын кыскарта тургандыгын жарыялаган. Москва мэри Сергей Собянин реновация программасына ылайык, мигранттардын санын кыскартуу боюнча тапшырма берген. Анын айтымына караганда, Орусиянын жакынкы райондорунан жумушчуларды тартуу жана эмгек акысын көбөйтүү зарыл. Муну менен бирге татыктуу эмгек шарттарын түзүү керектигин билдирген.

Көп өтпөй эле шаар мэри Москванын райондук коммуналдык кызматтарынын арасында мигранттардын санын кыскартуу боюнча резерв бар экендигин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: