super.kg logo
  Саясат  

Курманкул Зулушев сот отурумдарына күтүүсүз катышып, текшерүү иштерин жүргүзөт

 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев бүгүн, 9-февралда өткөн маалымат жыйында сот отурумдарына күтүүсүз катышып, текшерүү иштерин жүргүзөрүн айтты.

"Бул нерсенин негизги максаты - прокуратура кызматкерлеринин ишинин сапатын баалоо" деди Зулушев.

“20-февралдан баштап, мүмкүн кийинки жылдын декабрь айына чейин каалаган убакта мен, орун басарлар, сот отурумдарына айтпай барып катышабыз. Анын максаты мындай, биринчиден ал сотко катышып жаткан прокурор ишти канчалык билет, активдүү катышуудабы же уктап отурабы, ишти канчалык деңгээлде билет мына ушуларды билүү үчүн барабыз. Анан албетте соттор мыйзамсыз отурумдарды өткөрүп жатабы көзөмөл иретинде карасак болот. Айтпай барып текшергенден прокуратура кызматкерлери өзүнүн үстүнөн иштей баштайт”, - деди башкы прокурор.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: