super.kg logo

“Өлтүрүп, көмүрдүн арасына көмүп койгон”. Баткендин тургунун өлтүрүүгө шектелип Тажик жараны кармалды

 

Баткенде Кыргыз жаранын өлтүрүүгө шектелип Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Исфана шаарынын 35 жаштагы тургуну милицияга 58 жаштагы Э.А. аттуу атасы чайкана иштетип жүргөн жеринен дайынсыз жоголуп кеткендигин билдирип кайрылган. Тергөө тобу чайканага келип кароо жүргүзгөндө, көмүр сактоочу жайдан таштандылардын арасынан киши колдуу каза болгон Э.А. аттуу адамдын жансыз денеси табылган.

Иликтөө иштеринин жыйынтыгында, кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында Баткен районунун Самаркандек айылында качып жүргөн Тажикстандын Согди облусунун Исфара районуна караштуу Ханобад айыл өкмөтүнүн 53 жаштагы Х.А. аттуу тургуну кармалган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү Х.А. мурда Өзбекстанда оор кылмыш жасап соттолгондугу жана Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз чек араны бузуп киргендиги белгилүү болгон.

Азыр кылмышка шектүү Х.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
09.02.2022. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Атып салмакмын мен нападение сотрудника деп
09.02.2022. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шакал оздорун эле арасыда жургон экенда
09.02.2022. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин МВД лардын чк кынын иштегендеринин начардыгынан кабар берета тж жараны кеңири жүрүптүр да Шпиондур балким дагы канчалаганы жүргөндүр кеңири каалаганын кылып чочуун адам көрсөңөр дароо кайрылсанар ошол жакта жашагандар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: