super.kg logo

TikTok балдардын чоңдорго арналган контентти көрүшүнө жол бербеген функцияны сыноодон өткөрүүдө

 

TikTok тиркемесин иштеп чыгуучулар балдардын чоңдорго арналган контентти көрүшүнө жол бербеген жаңы функцияны сыноодон өткөрүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактарында жазылды.

Маалыматка ылайык, мындай функцияны киргизүү акыркы жылдары өспүрүмдөр арасында TikTok'тун популярдуулугу артып бара жатканына байланыштуу.

Функция ата-энелерге же камкорчуларга алардын түзмөгүнөн белгилүү бир курактык категориядагы мазмунга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектөөгө мүмкүндүк берет.

TikTok - музыка менен коштолгон кыска видеолорду жасоо, түз эфирлерди жана билдирүүлөрдү алмаштырууга мүмкүн болгон социалдык тармак. Ал 2016-жылы ишке киргизилген. Аудиториясынын басымдуу бөлүгү өспүрүмдөр болуп саналат.

Акыркы эсептөөлөр боюнча, дүйнө жүзүндө TikTok колдонуучуларынын саны 700 миллиондон ашат. Аны 150гө жакын мамлекеттин адамдары колдонушат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: