"Пекин-2022": Допингге шектелип жаткан орусиялык 15 жаштагы спортчу Олимпиададагы жүрүшүн улантат
Допингге шектелип жаткан орусиялык көркөм муз тебүүчү Камила Валиева Олимпиада оюндарына катышууну улантат. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, Валиева Олимпиададан четтетилген эмес жана буга чейин машыгуу өткөрүүгө жетишкен. Валиева 16 жашка чыга элек, андыктан антидопинг эрежелерин бузуу фактысы боюнча сот процесси өзгөчө режимде өтүп, ага жактоочулардын катышуусу талап кылынат.
Эске салсак, буга чейин Камила Валиеванын допинг-тести күмөндүү болуп чыкканы тууралуу маалымат чыккан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.