super.kg logo

Кыргызстанда ЕАЭБде алгачкылардан болуп санариптик акциз киргизилүүдө

 

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Салык кызматы 2022-жылдын январь айынан баштап санариптик идентификациялоо каражаттарынын жардамы менен акциздик салыкты администрациялоо боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизди.

Биринчи этапта Салык кызматы «Альфа Телеком» ЖАК − Кыргыз Республикасында маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору менен биргеликте тамеки продукциялары үчүн экинчи этапта алкоголдук продукциялар үчүн санариптик акцизди киргизүүнү эксперименталдык режимде ийгиликтүү ишке ашыра алды.

Мындай жаңычыл механизм Кыргыз Республикасынын аймагында жана Евразия экономикалык биримдигинде биринчи жолу киргизилип жаткандыгы маанилүү. Ал «Смарт Салым» улуттук долбоорун жайылтуунун алкагында акциздик салыкты башкарууну жакшыртуу жана жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Мындан тышкары, санариптик акциз акциздик маркалануучу продукцияны өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө боло алат.

«Санариптик акциз» долбоорун ишке киргизүү – бул салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында Кыргыз Республикасында товарларга байкоо жүргүзүүнүн бирдиктүү системасын түзүү боюнча масштабдуу иштердин бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: