super.kg logo

Үгүт иштерин жүргүзүшкөн. Араванда экстремисттик уюмдун 2 тобу кармалды

 

Ош облусунун Араван районунда өлкө аймагында тыюу салынган "Йакын-Инкар" диний экстремисттик уюмдун 2 тобу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Милициянын маалыматына ылайык, кармалган адамдар жогорудагы диний экстремисттик кыймылынын катарына жаңы кошулушкан.

Ошондой эле мындай иш боюнча мурда соттолуп жазасын алган Араван районунун тургундары тарабынан райондун аймагында үгүт, насаат иштерин жүргүзүшкөн.

Алар Араван районунун 53 жаштагы, 20 жаштагы, 44 жаштагы, 38 жаштагы тургундары. Мындан тышкары Кадамжай жана Ноокат райондорунан келишкен 40 жаштагы, 39 жаштагы, 31 жаштагы, 21 жаштагы жарандар кармалышкан.

Топтолгон материалдар тергөө кызматына берилип, "Йакын-Инкар" диний экстремисттик кыймылдын иштерине катышуу менен бирге ишин жүргүзүшкөндүгү үчүн 4 факты боюнча кылмыш иши козголду. Анын ичинен 2 факты боюнча кылмыш иши тергелип бүтүп, соттук кароого жиберилген.

Учурда Ош облусунун аймагында диний экстремизм, террорчулук жана улут аралык чыр-чатактардын алдын алуу жана алардын мыйзамга каршы аракеттерине бөгөт коюу максатында ыкчам иликтөө иш чаралары улантылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: