super.kg logo
  Саясат  

Ош. Алайда жол тоскондор: “Ахматбек Келдибековду президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн камашты”

 

Алайда жеңил автоунааларды өткөрүү үчүн жол ачылды. Ош тарапка багыт алган 4 КамАз өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы билдирди.

Жол тосуп тургандар “Талаптарыбыз аткарылбаса, нан-чайыбызды көтөрүп келип, ушул жерде түнөйбүз. Керек болсо Бишкекке жөө басып барабыз. Ахматбек Келдибековду президенттик шайлоого катыштырбоо үчүн камашты” деп депутат Ахматбек Келдибеков бошотулмайынча тарабай тургандыгын билдиришти.
Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары да митингге чыгышты. Алар аталган маселени талкуулаган депутаттардын жообун күтүп саат 17:00гө чейин турушарын айтышкан. Митингдин катышуучулары депутат бошотулбаса, Алайдан элди чогултуп келишерин билдиришти.
Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: