super.kg logo

Оюнчук тапанча менен коркутушкан. Бишкекте түн ичинде шаар тургунун карактаганга шектүүлөр кармалды

 

Бишкекте түн ичинде унаа жуучу жайга кирип каракчылык кылганга шектүүлөр аныкталды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан белгилешкендей, карактоого 5 бала шектелүүдө.

Белгилүү болгондой, шаар тургуну милиция кызматкерлерине кайрылып, карактап кеткендерге чара колдонууну өтүнгөн. Ал 3-февралга караган түнү унаа жуучу жайга белгисиз адамдар келип, тапанча менен коркутуп, күч колдонушуп кассадагы акчаны жана 20 миң сомдук телефонун алып кетишкенин айтып арызданган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 207-берене (карактоо) менен катталып, өндүрүш иши башталган.

"Издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 19 жаштагы А.А., 18 жаштагы М.Н., А.Ы., Ж.И. жана 17 жаштагы У.А. аттуу жарандар шектүү делинип колго түшүрүлдү. Октябрь райондук соту тарабынан кармалгандар эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Шектүүлөр өз ыктыярлары менен оюнчук тапанчаны, уюлдук телефонду беришти. Учурда тергөө амалдары улантылууда", - дешти маалымат кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: