super.kg logo

Бишкекте үйүндө баңгизатын сатып жатат деген шек менен жаран кармалды

 

Бишкектин Свердлов РИИБинин участкалык инспекторлору тарабынан баңгизат сатууга шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, милициянын нөөмөт бөлүмүнө Комсомол көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде эркек адам баңгизат сатып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Дароо окуя болгон жерге №6 шаардык милиция бөлүмүнүн тергөө тобу барып, үйдүн ичинен өзгөчө жыты бар баштыкты тапкан. Аталган факты Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, шектүү катары 1963-жылы туулган М.А. аттуу жаран тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бардык керектүү экспертизалар дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: