super.kg logo

Таласта жылкы уурдап, этин сатканга шектүүлөр аныкталды. Алардын бири жабырлануучунун кайниси болот

 

Таласта милиция кызматкерлери тарабынан жездесинин жылкысын уурдап, союп этин сатып жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашат.

Белгилүү болгондой, 4-февралда Талас РИИБине Жон-Арык айылынын 47 жаштагы С.А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал 3-февраль күнү болжол менен саат 21:30 чамасында жолдошу экөө кошунанын үйүнө барып келгиче, короодо байланып турган төрт баш бээнин бирөө уурдалганын билдирген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине 205-берене (уурулук) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган А.Э. жана 1986-жылы туулган С.А. аттуу адамдар кармалды. Алар уурдалган малды мал союп сатуучу жайга алып барып, этин сатып жаткан жеринен колго түшүрүлдү. Кармалгандар дос экендиги, бир үйдө чогуу жашап жүргөнү аныкталды. Андан тышкары уурдалган жылкынын ээси шектүүнүн жездеси экендиги такталды. Учурда алар тергөө бөлүмүндө суракка алынып, тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат", - дешти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: