super.kg logo

Ошто бейтааныш аялды көчөдө сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 

Ошто бейтааныш аялды сабаган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 38 жаштагы аял кайрылып, 25-январь күнү аны Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө белгисиз адам, сөгүп, кийин чачынан сүйрөп сабагандыгын айткан.

Издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 8-февралда Бишкек шаарында бекинип жүргөн жеринен мурда 7 жолу сот жообуна тартылган, туруктуу иштеген жери жок Д.А. аттуу Өзгөн районунун 1982-жылы туулган тургуну кармалган.

Ал ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде экендиги аныкталган.

Шектүү 7 жолу соттолгон, 3 жолу бейбаштык жана тоноо, наркотикалык заттарды колдонуу, опузалап акча талап кылуу жана башка бирөөнүн мүлкүн атайылап жок кылгандыгы үчүн соттолгон.

Учурда ал Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
11.02.2022. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Охоо кучтуу воин экен да аялга кучу жеткен, буттагы галошту карагыла.
11.02.2022. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
7 жолу соттолуп чыгыптыр, атып эле салгылачы, муну камап 6 ай багасынар, биринчиден бюджетке зыян, эртен чыгып дагы бироону сабайт..
12.02.2022. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошто аябай кобойду ушундайлар,бир озбек уят создор менен согунду3 кун башта.Банкта очередим жетип,акча тогуп атсам,келип алып мен без очеред алмаштырам деп,улуу кичууну козго илбей согунду.Эч ким эч нерсе дей албады,коркуп турушту.
12.02.2022. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде закон да жакшы иштебей калды,чондор жеп качып карапайым элдин укугу бузулуп,ойлогон адам жок.Чек ара туш тарабыз ачык,террористи деле,кылмышкери деле кирип чыгып кочодо согунуп журушот,текшерген укук коргоочулар жок.Же катту рейд жургузуш керек.Документи жок жургон келгиндерди депорт кылып тазалабаса,мектеп окуучулары учун да коопту болуп калды.
12.02.2022. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коомдук эс алуу жайлар алкаштардын мекени болуп калды,балдар ойноочу аянтчабызда такай алкаштар,мастар арак ичип оонап жатат.Муну коргон балдарыбыз,жаш муундарыбыз кандай тарбия алат.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: