super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров кызматын тапшырабы? Президенттик администрациянын жообу

 

Президенттин басма сөз катчысы министрлер кабинетинин төрагасы, бийликтин жогорку бутагында кадрдык өзгөрүүлөр болот деген кептер боюнча комментарий берди.

"Акыркы убакта коомчулукта Акылбек Жапаров башында турган министрлер кабинети алмашары жана бийликтин жогорку бутагында кадрдык орун алмашуулар болору тууралуу ар кыл кеп-сөздөр айтылууда.
Ушуга байланыштуу бул маалыматтар чындыкка дал келбей турганын расмий билдиребиз.

Акылбек Жапаров жетектеген министрлер кабинети узак мөөнөттүү болот. Министрлер кабинетинин алдында дымактуу тапшырмалар турат. Анын ичинде өлкөнүн консолидацияланган бюджетинин ресурстук бөлүгүн 400 миллиард сомго чейин жеткирүү боюнча планын ишке ашыруу, бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акыларын жогорулатуу жана башкалар бар.

Өлкөбүздүн жарандары өзгөрүүлөрдү өздөрүнүн күнүмдүк жашоосунда сезиши үчүн министрлер кабинети стабилдүү жана узак мөөнөттүү иштеши керек.

Аны менен бирге президент Садыр Жапаровдо аткаруу бийлигинин башчысы катары министрлер кабинетинин ар бир мүчөсүнүн жекече жоопкерчилигин карап чыгуу укугу бар экенин белгилейбиз", - деп билдирди президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: