super.kg logo
  Саясат  

Ош. Артисбек Абылаев: "Келдибековду түштүктүн баласы деп кармашса керек, башкаларды да кармашсын, анан паракорчулук менен күрөшүп жатканына ишенебиз"

 

Алай районунда депутат Ахматбек Келдибековду коргоо кеңешинин төрагасы Артисбек Абылаев "Келдибековду түштүктүн баласы деп кармашса керек, башкаларды да кармашсын, анан паракорчулук менен күрөшүп жатканына ишенели" деп билдирди. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Элира Чынтемир кызы маалымдады. 

Абылаевдин айтымында, депутаттын камалуусуна аймактык бөлүнүүчүлүк да себеп болгон. 

Паракорчулук менен күрөшүп 20 кишинин бардыгын камашканда митингге чыкмак эмеспиз. Бул жерде түндүк-түштүк болуп бөлүп жатышат. Келдибеков Соцфонддо иштеп жатканда пенсиялар көбөйгөнүн билебиз. Аны жалгыз камап койгону паракорчулук менен күрөшүп жатат дегенден күмөн жаратат. КСДПнын бир депутатын камасын, анан биз аларга ишенели. Биздин үнүбүздү уксун деп жол тосуп чыктык. Керек болсо түнгө чейин турабыз”,- деди Артисбек Абылаев.

Бишкекте бүгүн, 21-ноябрда Ак үйдүн алдына Ахматбек Келдибековдун тарапташтары да митингге чыгышты. Митингдин катышуучулары депутат бошотулбаса Алайдан элди чогултуп келишерин билдиришти.    

Эске салсак, Башкы прокуратура тарабынан Жогорку Кеңештин депутаты Ахматбек Келдибековго карата Кылмыш жана жаза кодексинин "паракорчулук" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелерине ылайык кылмыш иши козголуп, 20-ноябрда камакка алынган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: