super.kg logo
  Саясат  

Акылбек Жапаров: "Апрелде бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу пландаштырылууда"

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинин коллегиялык жыйынына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти

Коллегиянын жүрүшүндө ведомствонун өткөн жылдагы ишинин жыйынтыктары жана 2022-жылга карата пландары тууралуу маалымат сунушталды.

Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, бюджеттик, салыктык жана жалпысынан финансы саясатынын сапаты ар бир мамлекеттин ырааттуу жана динамикалык өнүгүүсүн аныктайт.

"Биздин өлкө үчүн жаңы этап келе жатат, биз өзүбүзгө чоң милдеттерди алдык. Өткөн жылы көп иштер аткарылды. Аймактарды өнүктүрүүгө, жөлөк пулдарды, айлык акыны жогорулатуу аркылуу социалдык чөйрөнү колдоого, куралдуу күчтөрдү заманбап аскердик техника менен жабдууга олуттуу каражаттар багытталды, бул каражаттардын кайтарымы коом үчүн сезилерлик болушу керек. Өлкөбүздүн ар бир жараны бул өзгөрүүлөрдү сезиши керек. Апрель айында бюджеттик тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын масштабдуу түрдө жогорулатуу пландаштырылууда. Эсептөөлөр так жана негиздүү болушу керек", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле бюджеттик каражаттарды сарптоонун натыйжалуулугун түп-тамырынан бери жакшыртуу зарылдыгын кошумчалады.

"Биз өтө жооптуу мезгилде турабыз, тышкы карыздын белгилүү бөлүгү 2023-жылы төлөнөт. Биз буга даяр болушубуз керек", - деди Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: