super.kg logo

Борбор калаада баңги заттарын сактоого шектелип 2 адам кармалды

 

Бишкекте баңги заттарын сатып өткөрүү максатында аларды сактаган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 8-февралда райондук милицияга А. жана Б. аттуу жарандар Ленин районунун аймагында ири өлчөмдөгү баңги зат каражаттарын колдонуп, ошондой эле сатуу максатында аларды алып жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Аталган факты Ленин РИИБинде Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" фактысы менен кылмыш иши козголгон.

1986-жылы туулган К.А. жана 2001-жылы туулган Б.Б. аттуу жарандар баңги зат каражаттарын сактоо боюнча шектелип, алардан целлофан кызыл баштыкчадан боз-күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат табылган.

Изилдөөдө берилген өсүмдүк тектүү зат гашиш болуп саналып, жалпы салмагы 46 грамм 79 миллиграммды түзгөн.

Кылмышка шектүүлөр тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан.

Ленин райондук соту тарабынан шектүүлөргө Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге эки айлык мөөнөткө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: