Шарджа-Ош түз аба каттамы качан ачылары белгилүү болду
Бириккен Араб Эмираттарынын Шарджа Эмиратынан Ош шаарына жаңы түз аба каттамы ачылат. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматынан билдиришти.Маалыматка караганда, жаңы каттам 21-февралдан 3-мартка чейин жумасына 2 жолу (дүйшөмбү жана ишемби күндөрү) аткарылат.
Ал эми 3-марттан баштап каттамдар жумасына 3 жолу (дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү) учат.
Аталган каттам "Air Arabia" авиакомпаниясы тарабынан аткарылмакчы.
Азыркы тапта Air Arabia авиакомпаниясы "Манас" эл аралык аэропортунан Шарджа-Бишкек-Шарджа багыты боюнча жумасына 6 жолу каттам аткарууда (дүйшөмбү күнүнөн сырткары).
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:35
2026-02-27
16:40
2026-02-27
Рейтинг:
4
4
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















