super.kg logo

Эмне үчүн "жүк 200"? Себебин издеп көргөн белеңиз?

 

"Жүк 200" деген сөздүн өзү эле дене бойду титиретет. Бирок эмне себептен "жүк 200" деп аталып калганын баарыбыз эле билбесек керек. Мурун-кийин жамандык менен иши болбогондор "жүк 200дүн" эмне экенин түшүнбөйт дагы. Биз эмне себептен "жүк 200" деп аталып калганын билүүгө аракет кылдык.

Бул сөз 1980-жылдары Ооганстандагы согуш учурунда пайда болгон. Адегенде бул өлгөн жоокерди көмүлгөн жерге жеткирүү дегенди түшүндүрсө, кийинчерээк ал кеңири мааниге ээ болгон - сөөк менен табыт ушундай атала баштаган.

Ооган согушу жылдарында СССРдин аймагында адам жоготууларынын реалдуу саны жөнүндө маалыматтардын купуялуулугу күчөгөн. Бул сырдын алкагында 1984-жылдын 8-октябрында СССРдин коргоо министри каза болгон адамдын сөөгүн аскердик транспорттук учактын же граждандык авиациянын ташуусу боюнча №200 буйругун чыгарган. Аскер кызматкеринин сөөгү учак менен ташып бара жатканда ага 200 килограммдык жүк үчүн багаж билети берилген.

Терминдин келип чыгышынын экинчи версиясы катары - табыттын болжолдуу массасы 200 килограмм болушу эсептелет. Буга негиз катары жүктөлүүчү табыттын жалпы көлөмү 200 килограммга жакын болушу айтылып жүрөт. Бирок сөөктү даярдоо жана жүктөө менен алектенгендер табыттын салмагы көбүнчө 150 килограммдын тегерегинде болорун айтып келишет.

Цинк табыттын жыгачка салыштырмалуу бир нече артыкчылыктары бар. Мындай табыттарды көздөгөн жерине жеткирүү оңой жана транспорттун бардык пункттарында жайгаштырылат. Бул жүктүн коопсуздугу үчүн эң ыңгайлуу, анткени ал коррозияга (дат басуу) каршы касиетке ээ. Бул айрыкча денени алыс аралыкка ташууда маанилүү.

Цинк табыт менен маркумду ташууда коопсуздук чараларын сактоого болот. Денени табытка жаткырардан мурун бальзамдоо керек. Эгерде сиз аны алыс эмес жерге ташып барсаңыз, анда металл табыттын ордуна, жыгачтан цинк каттамы салынат. Мөөр басылган табыттар бажы, темир жол бекеттеринде жана аэропорттордо алып өтүүгө ыңгайлуу.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын февраль айында президент Садыр Жапаров Москва шаарында мекендештер менен жолугушууда "Эми Жүк 200дүн чыгымын мамлекет толук моюнга алат. Ар бир төлөнүүчү каражат эсептелип чыгып, атайын кызматтар сөөктү жөнөтөт. Анын баарын консулдук уюштурат. Өлкөгө акча салсаңыздар жакшы, ал эми каза болуп калса сөөгүн талаага таштап койгон адамгерчиликке да жатпайт. Учурдан пайдаланып пандемия учурунда жардам берген диаспорада иштегендерге ыраазычылык билдирем" деп белгилеген.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
13.02.2022. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мени кызыктырган суроо эле себебин билип алдым.
13.02.2022. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Экинчи версиясы кандай
13.02.2022. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ооба жүк 200 деген аты эле айтып тургандай жүктүн жалпы салмагы 200 кгдын тегерегинде болот экен. Ошол себептен транспортировкалаганда жүк 200 деген белги менен жүрүшөт. (Груз 200) деген унааларды жолдон көрүп калабыз. Демек ошол унаага жол бошотуп бергенге аракет кылышыбыз керек
13.02.2022. 21:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Билип койо берели.бирок ылайым ишибиз тушпосун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: