super.kg logo

Касым-Жомарт Токаев январь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты

 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Хазрет Султан" мечитинде январь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты. Бул тууралуу казакстандык басылмалар жазып чыгышты.

Президент өз сөзүндө, быйыл оор сыноолорду башынан өткөргөнүн белгилеген.

"Трагедиялуу январь окуясынан бери 40 күн өттү. Мечитке курман болгондорду эскерүү үчүн келип отурам. Дагы бир жолу курман болгон жарандардын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Мамлекет силерди кыйынчылыкта калтырып койбойт. Орду толгус жоготууга учураган үй-бүлөлөргө материалдык жардам көрсөтүүнү тапшырдым", - деген өлкө башчы.

Мындан тышкары өлкөгө террорчулар кол салууга аракет кылганын, бирок алардын мизин кайтарууга мүмкүнчүлүк болгонун кошумчалаган.

Эске сала кетсек, Казакстандын шаарларында нааразычылык акциялары 4-январда башталган. Митинг полиция менен кагылышууга жана тополоңго чейин жеткен. Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, өкмөт отставкага кеткен.

Коңшу өлкөдөгү массалык баш аламандыктан жалпы 225 адам көз жумуп, анын 175и медициналык жайларда жан бергенин казак маалымат каражаттары жазышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: