Активист Кудайбердиева: "Бүгүн мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот"
Бүгүн, 14-февралда активист Айсулуу Кудайбердиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот. Бул тууралуу активист социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
"УКМКнын тергөөчүсү 2019-жылы “чек-араны туура эмес өткөнсүң” деп кылмыш ишин фальсификациялап, ишти сотко өткөрдү.
Бүгүн саат 14:30да Биринчи Май райондук сотунда мени кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча соттун биринчи отуруму болот", - деп жазды ал.
Кудайбердиева бир канча жолу УКМКга сурак берген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
0

