super.kg logo

"24 саат убакыт берем". Зеленский Украинадан чыгып кеткен олигархтарга кайрылды

 

Украинанын президенти Володимир Зеленский Жогорку Раданын депутаттарына жана өлкөдөн чыгып кеткен олигархтарга кайрылып, 24 сааттын ичинде кайтып келүүгө чакырды. Бул тууралуу "Украинская правда" басылмасы жазды.

"Бизнесмендер жөнүндө айта кетсем. Баса, кечээ эле 30 чартердик каттам жасалыптыр. Бул биздин бай өлкөбүз бар экенин көрсөтүп турат. Эң негизгиси алар Украинадан эч нерсе алып чыга алышпайт. Чет жакта жүргөндөр ар кайсы партиялардын депутаттары. Биз аларга мамлекеттен, Жогорку Рададан, спикерден сигнал беришибиз керек. Мен жеке өзүм суранат элем, 24 сааттын ичинде өлкөгө кайтып келгиле деп. Алар кайра келиши керек деп ойлойм. Болбосо мамлекет катары баарыбыз олуттуу жыйынтык чыгарышыбыз керек. Мага ишениңиздер, биз аларды жасайбыз", - деген Зеленский.

Володимир Зеленский ошондой эле Украинадан чыгып кеткен олигархтарга кайрылып, мамлекет бизнеске таасир этпей турганын, бирок алар ишканаларга жана алардын кызматкерлерине кайтып келиши керек деп эсептей турганын белгилеген.

Буга чейин Украинадагы азыркы кырдаалдан улам өлкөдөгү олигархтар жана ири ишкерлер Украинадан массалык түрдө чыгып кетип жаткандыгы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
15.02.2022. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул Зеленда эптей албады.
15.02.2022. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Комиктен эч нерсе чыкпайт окшойт!
15.02.2022. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шоумен алапайын таппай аткан кез азыр
15.02.2022. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Коч барып барып тузолот,кыргызстан да канча кыйынчылыкты башынан откорду. Качканы качты, качпаганы камалды дегендей, эми эми ойдолоп баратабыз, пешенебизге жакшы президент туш келди, коз тийбесин.
15.02.2022. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
rususu, койчу ай, келтиресин го
15.02.2022. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Клоун
15.02.2022. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Украиндер акыры барыбир орустар менен достошот. Бул жерде батыштын чагымчылдыгы болуп атат. Эч качан батыш Украинага жакын боло албайт. Орустар менен украиндердин тили бир дили бир дини бир
15.02.2022. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Asmat84,Европада да славян тилинде сүйлөгөн өлкөлөр көп.Бирок Россия өзүнүн көзүн караган өлкөлөрдү кысып жатпайбы.Украина эркиндикти каалап жатат.Таможный союздагы өлкөлөр Россияга көз карандыбыз.Россия союздаштарын дагы эле кыр көрсөтүп жатат.Мигранттарга женилдик берилиш керек,соода тармагында да орустар көп кордук көрсөтөт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: