Кыргызстандын жараны Орусия Федералдык миграциялык кызматында текшерүүдөн өтүүдө
Москвада
мыйзамсыз жүргөн мигранттарды текшерүү уланууда. Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан 19-ноябрда
“Садовод” базарынан 600 адам кармалып, алардын экөөсү Кыргызстандын жараны экени белгилүү болгон. Текшерүүдөн соң алар бошотулган. Бул тууралуу Кыргызстандын
Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
20-ноябрда мыйзамсыз жүргөн
мигранттарды аныктоо үчүн “Люблино” соода борборунда миңден ашуун мигрант
кармалып, полиция бөлүмүнө жеткирилди. Эми алардын Орусияга келүүсүнүн
мыйзамдуулугу жана кылмыштарга тиешеси бар-жок экендиги текшерилет.
21-ноябрга карата айтылган маалыматка ылайык Орусиядагы Федералдык миграциялык кызматынын жана Орусия
ИИМинин алдында Кыргызстандын 1 жараны текшерүүдөн өтүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















