super.kg logo
  Саясат  

Кайра шайлоо. Талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 миллион 915 миң 975 сом түштү

 

Кайра шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо фонддоруна 22 миллион 915 миң 975 сом түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Мыйзам ченемдерине ылайык, саясий партиялардын шайлоо фонддору төмөнкү акча каражаттарынын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

  1. 1 500 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон талапкердин өз каражаттарынан;
  2. 100 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, саясий партиянын өз каражаттарынан;
  3. 200 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн;
  4. 3 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн болбогон, юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук берүүлөрүнөн.

Мында бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкердин шайлоо фондуна келип түшкөн жана чыгымдалган акча каражаттарынын чектелген суммасы 10 000 000 сомдон ашуусу мүмкүн эмес.

"Түндүк" ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү тутуму аркылуу банк мекемелеринен алынган маалыматка ылайык, 13-февралга карата талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерине жалпы суммасы 22 миллион 915 миң 975 сом акча каражаттары түшкөн.

Шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланыштуу чыгымдарды талапкерлердин шайлоо фонддорунун каражаттарынан жабууга 16 миллион 942 миң 968 сом сарпталган (төмөнкү таблицаны караңыз):

Аталышы

Түштү

Сарпталды

1

№ 27 Биринчи май шайлоо округу

9 723 720.00

67 12 928.00

2

№ 29 Свердлов шайлоо округу

13 192 255.00

10 230 040.20

Бардыгы:

22 915 975.00

16 942 968.20






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: