Социалдык өнүктүрүү министри интернат-үйлөрдө жашаган адамдардын тизмесин Чек ара кызматына берет
Кыргыз Республикасынын Социалдык
өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев интернат-үйлөрүндө жашаган адамдардын
тизмесин Чек ара кызматына берет. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Темирбек Матаев
Министрдин
мындай кадамга барышына Токмок интернатындагы 24 жана 47 жаштагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелген аялдардын Орусияга мыйзамсыз сатылып кетиши себеп болгон.
Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан аларды кайтаруу демилгеси көтөрүлүп, кечээ, 21-ноябрда эки аял тең Кыргызстанга
кайтарылып келинди.
Кудайберген Базарбаевдин айтуусунда, бул ишке тиешелүү деп шектелген Токмоктогу №2-интернат-үйүнүн директору ээлеген кызматынан четтетилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

