Ооруканага уурулукка кирген деп 44 жаштагы адам кармалды
Ооруканага уурулукка кирген деп 44 жаштагы адам кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-февралда милицияга шаар тургуну кайрылып, Киев көчөсүндөгү тиш дарылаган ооруканадан белгисиз адамдар 60 миң 700 сомду түзгөн "Айфон 11" уюлдук телефонун уурдап кетишкенин айткан.
Издөө иштеринин алкагында шектүү катары 1978-жылы туулган А.У. аттуу адам кармалган.
Ленин райондук соту тарабынан шектүүгө карата эки айлык мөөнөткө үй камагы түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Учурда сотко чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.