super.kg logo

Украинада кыз алты жыл мурун жоголгон энесинин сөөгүн үйүнүн балконунан тапты

 

Киев шаарынын Соломенский районундагы көп кабаттуу үйдүн балконундагы бетон кутучадан мындан алты жыл мурун жоголгон энесинин сөөгүн кызы таап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы дайынсыз жоголгон Оксана Сивактын 29 жаштагы кызы 13-февраль күнү 9 кабаттуу үйдүн 5-кабатында жайгашкан апасынын батирин оңдоп-түзөө иштерин жүргүзө баштаган. Ал үйдүн балконун жыйнап жатып, таштандынын астынан бетон менен толтурулган узун кутучаны көргөн. Андан жыт чыккандыктан дароо полицияга кабарлаган.

Ал дайынсыз жоголгон апасынын сөөгү кутунун ичинде болушу мүмкүн деп шектенген. Окуя болгон жерге келген куткаруучулар жана полиция кызматкерлери кутудан Оксана Сивактын мумияланган сөөгүн табышкан.

Учурда өлүмдүн себеби белгисиз, аны соттук-медициналык экспертиза аныктайт.

Оксана Сивак жоголгон учурда 43 жашта болчу. Ал 2016-жылдын 2-январь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Аны ким өлтүргөндүгү белгисиз. Полиция кызматкерлери ал жолугуп жүргөн эркек адамды суракка алууну пландоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
16.02.2022. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кудай сакта озунун уйуно комгонун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: