super.kg logo
  Спорт  

"Месси пенальтини аткара албай". Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндун жыйынтыктары (видео)

 

Бүгүн, 16-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.

Франциянын "ПСЖ" командасы өз үйүндө фаворит командалардын бири болгон "Реал Мадрид" клубун кабыл алып, оюн 1:0 эсебинде париждиктердин пайдасына аяктады. Биринчи бөлүк топко ээлик кылуу жана дарбазага соккулардын саны боюнча париждиктердин артыкчылыгы менен өттү. Экинчи бөлүктүн ортосунда талаа ээлери пенальти тебүү укугуна ээ болушту. Бирок Лионель Месси пенальтини голго айланта алган жок. Кошумча убакытта гана чабуулчу Киллиан Мбаппе жеңиш голун киргизди.

Бул эки команданын жооптук оюну 9-март күнү Испаниянын Мадрид шаарында өтөт.

"ПСЖ" - "Реал Мадрид" (1:0);

Голдор: Киллиан Мбаппе (90+4-мүнөттө).

Экинчи жуптук оюнда Португалиянын "Спортинг" командасы Лиссабон шаарында "Манчестер Сити" клубун кабыл алды. Оюн 0:5 эсебинде коноктордун жеңиши менен аяктады. "Манчестер Сити" биринчи бөлүктө эле төрт гол киргизди. Тыныгуудан кийин жаны тынбаган "Манчестер Ситинин" оюнчулары дагы бир гол киргизүүгө жетишти.

"Спортинг" - "Манчестер Сити" (0:5);

Голдор: Рияд Марез (7-м), Бернарду Силва (17, 44-м), Фил Фоден (32-м), Рахим Стерлинг (58-м).

Бул эки команданын жооптук оюну 9-мартта Манчестер шаарындагы "Этихад" стадионунда өтөт.






"ПСЖ" - "Реал Мадрид" беттеши

"Спортинг" - Манчестер Сити" беттеши

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
16.02.2022. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал Мадрид фанаттары куттуктайм 1-0 силер учун Жениш Гана мактанган Бенземанар Гана Винисусунар хотя Бир створ тебе алышпаптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: