Ош облусундагы Жыл-Алды айылында чыккан өрттөн 8 кой өрттөнүп кетти
Ош облусунун
Өзгөн районундагы Жыл-Алды айылындагы үйлөрдүн биринен өрт чыгып, 8 кой жана малдын
кышка даярдалган тоюту өрттөнүп кетти. Бул тууралуу бүгүн Өзгөчө кырдаалдар
министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Автор: Темирбек Матаев
Өрт өчүрүүчүлөрдүн маалыматында, өрттүн чыгышына 3 жаштагы бала себепчи болгон. Ал короонун тегерегине от жагып ойногон. Натыйжада тилсиз жоо улуулап кетип, айланасындагы
малдын чөбүн жалмаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери келип, өрттү өчүрүү максатында суу чачканда, өрт камоодо турган 8 койду каптап кирип,
алардын баары өлгөн.
Белгилей кетсек, өрт өчүрүүчүлөр өрттү бир нече сааттан соң өчүргөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.