Мадумаров боюнча депутаттык комиссияны Айбек Осмонов жетектейт
Бүгүн, 16-февралда эл өкүлү Адахан Мадумаров боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын мүчөлөрү чогулду. Бул тууралуу комиссиянын мүчөсү Динара Ашимова журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, депутаттык комиссиянын төрагасы болуп Айбек Осмонов тандалды. "Ага план түзүү, документтерди чогултуу тапшырылды. Ал дүйшөмбү күнү маалыматтар болорун билдирди", - деди Ашимова.
10-февралда депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу боюнча башкы прокурордун сунушу тууралуу депутаттык комиссия түзүлгөн.
Депутаттык комиссиянын курамына кимдер кирди?
- "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Айбек Осмонов;
- "Бүтүн Кыргызстан" фракциясы Исхак Масалиев;
- "Ынтымак" фракциясы Мурадил Сыдыков;
- "Ишеним" фракциясы Бахридин Шабазов;
- "Ыйман Нуру" фракциясы Динара Ашимова;
- Элдик топтон Аманкан Кенжебаев;
- "Альянс" фракциясы Азамат Исраилов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:52
2025-06-26
13:13
2025-06-26

Рейтинг:
2

