super.kg logo

"Абакта жазасын өтөп жаткан". "Red Centre" соода борборунда "бомба бар" деген билдирүү тараткан жаран аныкталды

 

Буга чейин Бишкектеги "Red Centre" соода борборунда бомба бар делинип, имарат текшерүүгө алынган. Бирок эч кандай жардыруучу зат табылбаганын милиция кызматкерлери кабарлашкан.

Бүгүн, 16-февралда УКМКдан "бомба бар" деген билдирүүнү тараткан жаран аныкталганын билдиришти.

"31-январда "Red Centre" соода борборунун кызматкерлеринин биринин абоненттик номерине бомба коюлганы тууралуу жалган билдирүү түшкөн.

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, анонимдүү билдирүүнү жөнөткөн жаран мурда өзгөчө оор кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон, Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемесинин биринде жазасын өтөп жаткан З.Д.К. аттуу Кыргыз жараны экендиги аныкталды.

Бул факты боюнча 259-берене (билип туруп террордук акт жөнүндө жалган кабарлоо) менен кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Келтирилген материалдык зыяндар такталууда.

Учурда тыюу салынган буюмдарды табуу боюнча түзөтүү мекемелеринде издөө иш-чаралары пландаштырылды", - дешти маалымат кызматынан.

Белгилей кетсек, соода борборго бомба коюлган деген маалымат милиция кызматкерлерине саат 18:53тө келип түшкөн. Аталган коомдук жай курчоого алынып, ичиндегилер эвакуация болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: