super.kg logo

Чүйдө үйгө кирип акча уурдаганга шектелген жарандар кармалды

 

Чүйдүн Аламүдүн районунда уурулукка шектелгендер кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Аламүдүн районунун ички иштер органдарына жергиликтүү тургун белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Алар ушул жылдын 28-январына караган түнү арыз ээсинин үйүнө кирип, 90 миң сом жана 100 доллар суммасындагы акчаны жашыруун уурдап кетишкен.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кабыл алынган иш-чаралардын жүрүшүндө 1996-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда Аламүдүн районунун аймагында кармалган адамдардын дагы ушундай 5 кылмышка катышы бар экендиги аныкталган. Ыкчам кызматкерлер тарабынан шектүүлөр көпчүлүк учурда үйдүн короосунда жана унаа токтоочу жайларда токтоп турган унаалардан уурулук жасагандыгы аныкталган. Азыркы учурда шектүүлөргө карата сот тарабынан Бишкек шаарынын тергөө изоляторуна камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган. Сотко чейинки өндүрүш уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: