Бүгүн түнү Дордой жаңы конушундагы кафе өрттөнүп кетти
Бүгүн түнү Дордой жаңы конушундагы кафе өрттөнүп кетти. Бул туурасында Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин директорунун орун басары Нурлан Ташманбетов билдирди.
Анын айтымында, өрт тууралуу маалымат 04:26да келип түшкөн. Өрт өчүрүүчүлөр барышканда кафенин 40 чарчы метр чатыры, ичиндеги эмерек, жасалгалары күйүп кеткен. Тилсиз жоо толугу менен 05:18де өчүрүлүп бүткөн. Өрт электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан. Кафе Дордой жаңы конушунун №823 номурлуу жер тилкесинде жайгашкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.