super.kg logo
  Спорт  

"Бавария" утулуп кала жаздап... Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалындагы оюндун жыйынтыктары (видео)

 

Бүгүн, 17-февралга караган түнү Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалынын биринчи күндүк оюндары өттү.

Анда Австриянын "Ред Булл Зальцбург" командасы турнирдин фаворити болгон мюнхендик "Бавария" клубун өз үйүндө кабыл алып, 1:1 эсебинде тең чыкты. Оюндагы алгачкы голду австриялык клубдун 20 жаштагы оюнчусу Чуквубуике Адаму киргизди. Гол жаратууга болгон күчүн салган "Бавария" калган мүнөттөрдө эч кандай жыйынтык көргөзө албай, 90-мүнөттө гана эсеп санын теңей алышты. Голдун автору Кингсли Коман.

Бул эки команданын жооптук оюну 8-март күнү Мюнхен шаарындагы "Альянц Арена" стадионунда өтөт.

"Ред Булл Зальцбург" - "Бавария" (1:1);

Голдор: Чуквубуике Адаму (21-м), Кингсли Коман (90-м).

Экинчи жуптук оюнда Италиянын "Интер" командасы өз үйүндө дагы бир күчтүү делген "Ливерпуль" клубун кабыл алды. Бул эки команда бири-биринен корккондой биринчи бөлүктө эч кандай көзгө толумдуу чабуул уюштурган жок. Ал тургай командалар экинчи бөлүктүн ортосуна чейин дарбазага таамай сокку узата алышкан жок. 75-мүнөттө гана чабуулчу Роберто Фирмино эсеп санын ачса, көп узабай эле Мохамед Салах эсепти 0:2ге айлантты.

Бул эки команданын жооптук оюну 8-март күнү Ливерпуль шаарындагы 54 миң көрүүчү бата турган "Энфилд" стадионунда өтөт.

"Интер" - "Ливерпуль" (0:2);

Голдор: Роберто Фирмино (75-м), Мохамед Салах (83-м).






"Ред Булл Зальцбург" - "Бавария" (1:1)

"Интер" - "Ливерпуль" (0:2)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: