super.kg logo
  Саясат  

Депутат балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады

 

Депутат Чолпон Султанбекова балдарга карата зомбулукту токтотуу боюнча министрлер кабинетинин маалыматын угууну сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Балдар биздин келечек. Баарыбыз бала деп жашап жүрөбүз. Балдарга карата сексуалдык зомбулуктун саны өсүп жатат. 2021-жылы балдарга карата зомбулук менен байланышкан 1 миң 827 иш катталыптыр. Бул катталган гана иштер, мындан да көп болушу мүмкүн. Бала кезде көрсөтүлгөн зомбулук ден соолукка, психологиясына өмүр бою таасирин тийгизе турган нерсе. Жыл сайын 100гө жакын өспүрүм балдар суицидге барып жатышат. 5 жылдын ичинде бул статистика өзгөргөн жок. Мындан тышкары балдардын 26 пайызы жумушка тартылган. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги эмне маселе кылып жатат? Жөлөк пул тараткандан башка кандай маселелерди коюп жатышат? Ушул маселени даярданып, өкмөттүк саат өткөрүп, ушул маселени карайлы". - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: