super.kg logo

Түркмөнстанда мугалимдер сабак учурунда президенттин баласынын жетишкендиктерин айтууга мажбур болушту

 

Түркмөнстанда мугалимдер президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедовдун жетишкендиктери тууралуу айтып берүүгө мажбур болушту. Мындай билдрүүнү "Хроника Туркменистана" маалымат каражаты жазып чыкты.

Анда мугалимдерге Бердымухамедовдун жакшы иштери, жетишкендиктери тууралуу айтып берүү жана окуучулар ага ыраазы болушу керектиги тапшырылган деп айтылат.

"Ишемби күнү, 12-февралда орто мектептердин директорлору билим берүү бөлүмдөрүнө (районого) чакырылды. Аларга жекшемби күнү (13-февраль) саат 10:00дө ар бир мектепте мугалимдерди жана техникалык кызматкерлерди чогултуп, дүйшөмбү күнү мектептин бардык класстарында биринчи сабак кандай өтүшү керектигин түшүндүрүп бериши керектиги белгиленди.

14-февралда мугалимдер алгачкы 15 мүнөттө балдарга Бердымухамедовдун жакшы иштерин, жетишкендиктерин айтып берүүгө милдеттүү болушту. Окуучулар өлкө президенттигине талапкердин өмүр жолу жана жетишкендиктери, кулк мүнөзү (боорукердиги, эмгекчилдиги, акылы) жөнүндө угушту. Ошол эле учурда башка талапкерлер тууралуу сөз болгон эмес. Мындай сабактар ​​облустун бардык мектептеринде, анын ичинде айыл мектептеринде да өткөрүлдү", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Сердар Бердымухамедов Түркмөнстандын вице-премьер-министри, учурдагы мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу. Ал Түркмөнстанда өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин койгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
17.02.2022. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Тооба. Биз шүгүр кылалы.
17.02.2022. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
nazira..., Сууну сатып жатканынабы?
17.02.2022. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
nazira..., элди жарыксыз калтырып, кууратып.
17.02.2022. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тооба кылдым ээ
17.02.2022. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бул бийлигин баласын откорумуш болуп,хандыгын уланта берет экенда элин квйнап.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: