Ошто тургундан 8 миң доллар опузалап акча талап кылган адам кармалды




Ошто тургундан 8 миң доллар опузалап акча талап кылган адам кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунун Араван районунун 41 жаштагы Ж.М. аттуу жашоочусу 11-январда арыз менен кайрылган. Анда ал 8-январдан тартып, бейтааныш "Н" аттуу жаран өзүнүн шериктери менен эч себепсиз коркутууларды жасап, опузалап сегиз миң доллар талап кылып жаткандыгын билдирген.
Ыкчам иш-аракеттердин жүрүшүндө 16-февралда Кара-Суу районунун 47 жаштагы бир нече жолу соттолгон З.И., аттуу тургуну кармалып, Араван РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:35
2025-06-28

17:50
2025-06-27
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.