super.kg logo
  Спорт  

Кышкы олимп оюндары: Допинг чырына кабылган орусиялык Камила Валиева 4-орунду ээледи

 

Бүгүн, 17-февралда кышкы олимп оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова, күмүш медалды дагы бир орусиялык спортчу Александра Трусова алса, коло медалга япониялык Каори Сакамото ээ болду.

Ал эми допинг чырына кабылган орусиялык Камила Валиева соңку бөлүктө бир нече катачылыктарга жол берип, 4-орунду ээледи. Муз үстүндө спортчу көзүнө жаш алганына миллиондогон көрүүчүлөр күбө болушту.

Допинг чыры

2022-жылдын 9-февралында Камила Валиева 2021-жылдын декабрь айында Олимпиадага чейин эле шектүү допинг-тесттен өткөнү кабарланды. Допинг-тест анын денесинде тыюу салынган зат бар экенин көрсөткөн. Анын допинг-тестинде стенокардия оорусунун алдын алууда колдонулуучу триметазидин препараты табылган. Шектүү тест табылганына байланыштуу Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) Олимпиаданын командалык турниринин сыйлыктарын тапшыруу аземин жылдырган.
Кийинчерээк спорт арбитраждык соту Камила Валиеванын маселесин 7 саатка чукул карап, Эл аралык Олимпиада комитетинин (ЭОК), Эл аралык коньки тебүү союзунун (ISU) жана Дүйнөлүк антидопинг агенттигинин (WADA) кайрылуусун четке каккан. Сот Валиевага Олимпиада оюндарында жеке мелдешке катышууга уруксат берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: