Франк Рибери жаракаттан улам “Бавария” - “Борусия ” беттешинде оюнга чыга албайт

Франция курама командасынын жана мюнхендик “Бавариянын” жарым коргоочусу Франк Рибери жаракатынан улам Германиянын чемпиондугунун 13-турунда дортмунддук “Боруссияга” каршы оюнга чыга албайт. Бул тууралуу кечээ, 21-ноябрда мюнхендик “Бавариянын” расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, Франк Рибери Дүйнө чемпиондугуна тандап алуу турунда 19-ноябрда Украина менен болгон оюнда кабыргасын кокустатып алган. Футболчу 2 аптага барып калыпка келиши мүмкүн дешүүдө.
Рибери ойногон мюнхендик клуб лигадагы негизги атаандашы “Боруссия” менен 23-ноябрда Дортмунд шаарында ойнойт.
Эске салсак, 30 жаштагы француз футболчусу учурда ФИФАнын версиясы боюнча “Жылдын мыкты футболчусу” наамына көрсөтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Kozer

22.11.2013. 13:32
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дегени алтын топту Роналду алат дегени,
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.