super.kg logo

"Кан тамырларын кести деген билдирүү түшкөн". Бишкекте 40 жаштагы кишинин өлүмүнө шектүү кармалды

 

Бишкектин 8-кичи районунда батирден эркек кишинин жансыз денеси табылды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, маркумдун өлүмүнө шектүү "Ууру" аталышындагы рейддин жүрүшүндө колго түшүрүлдү.

Милициянын маалыматына ылайык, 16-февралда саат 06:55 чамасында нөөмөтчүлөргө көп кабаттуу үйлөрдүн биринде эркек киши кан тамырларын кескени тууралуу кабар келген.

"Жерине ыкчам тергөө тобу барып, батирден 1982-жылы туулган Е.Ж. аттуу кишинин жансыз денесин табышты. Маркум денесинен көптөгөн жаракаттарды алганы белгилүү болду.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 130-берене (ден соолукка оор залал келтирүү, ушул берененин 1 жана 2-пункттарында каралган жосундар: байкабастыктан адамдын өлүмүнө, анын ичинде өзүн-өзү өлтүрүү, эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү (өзгөчө оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Ыкчам издөө иштеринин жүрүшүндө, шектүү катары 1977-жылы туулган О.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары уланууда", - дешет басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: