Бишкекте №138 каттамдын айдоочусу 11 жаштагы кызды сүзүп кетти (видео)
Бишкектин Дэн Сяопин кең көчөсүндө кичи автобустун айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык 17-февралда болжол менен саат 17:00 чамасында катталган. Анда №138 маршруттук каттамдын айдоочусу, 1993-жылы туулган Р.М. Дэн Сяопин көчөсү менен күн чыгышты көздөй бара жатып Каракумский көчөсүнүн кесилишинен жөө өтмөктөн өтүп бара жаткан 2011-жылы туулган К.А. аттуу кызды сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен жөө жүргүнчү №3 шаардык ооруканага жеткирилди.
Азыркы учурда кичи автобус айып короосуна токтотулуп, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.
Бишкекте кичи автобустун айдоочусу мектеп окуучусун сүзүп кетти
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(3)
Farkhat07.05.89

18.02.2022. 13:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Маршрутканын айдоочун дагы пешеходдон артка айдаган кара хондо црвнын айдоочун дагы жоопко тартыш керек.Машиналарын стоянкага коюп,жабыр тарткан кызга экоо тен жуз миндеп штраф толосонор экен ылайым эле.
Sanjura

18.02.2022. 14:14
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тиги срв тосуп калган турбайбы кызды.
Djumahmatov

18.02.2022. 21:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Срвнын айдоочусу дагы жоопко тартылышы керек ушундай акмактардын айынан канча адам өлүп кетет мени дагы Кудай сактаган бир эжени чут калган сузуп алышка
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.