super.kg logo
  Спорт  

"Бул спортту жек көрөм". Олимпиадада күмүш медалга ээ болгон 17 жаштагы спортчу ызы-чуу салды (видео)

 

Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасында күмүш медалга ээ болгон орусиялык көркөм муз тебүүчү Александра Трусова акыркы жыйынтыктар жарыялангандан кийин трибуна астындагы бөлмөдө ыйлап жиберди. Мындай видео социалдык тармактарга тарады.

"Мен баарын жек көрөм! Мен бул спортту жек көрөм! Мен эми эч качан муз үстүнө чыкпайм. Эч качан! Бул мүмкүн эмес, мүмкүн эмес! Бардыгында алтын медаль бар, менде жок. Эми эч качан", - деп көзүнө жаш алган Трусова.

Кийинчерээк маалымат жыйынында Трусова эмоциясын түшүндүргөн: "Мен ал учурда жөн гана ыйлагым келди. Мен үч жумадан бери апамсыз, итимсиз жүрөм".

Ал эмоциясы менен карьерасын жыйынтыктай турганын айтып алганын, Дүйнө чемпиондугуна катышуу чечимин кабыл алгандыгын билдирген.

Кечээ, 17-февралда 17 жаштагы Александра Трусова Пекин Олимпиадасында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасында эки программа боюнча 251,73 упай топтоп, күмүш медаль тагынган.






Күмүш медалга ээ болгон Александра Трусова эмоциясын кармай албады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(7)
18.02.2022. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Чон максат койгон кыз экенда.Келечегин алдыда.Жасаган мээнетине ичи ачышып жатат да.
18.02.2022. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уйун сагынган го. Эки жакка коп чыкпаган кыз болсо куса болуп кетти да. Кыздарынарды,балдарынарды каникулда эс алуучу лагерге жонотсон ыйлап, уйду, апамы сагындым деп эки кундон кийин келип калат го, ошондой эле геп болуптур да
suban78 түзөттү 2022-02-18 14:29:09
18.02.2022. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
дайыма 2чи 3чу алып журчу экенда бечара, ызасын бир чыгарып алыптырда
18.02.2022. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Булардын тренировкасына анча мынча адам чыдабайтда. Эртен мененки 06:00 до башталат. 7:30га чейин анан 14:00 дон 16:30га чейин анан кечеси. Биз кызым экообуз бир жыл заниматься эткенбиз. Авангард аренада. Кызым эмес мен тажагам. Праздник не праздник выходной не выходной эч кимдин иши жок сен иштешин керек. Мен бир жыл иштебей алек болгом. Есть потенциал надо работать дешкен. Коньки ар 6 айда аласын орточо биз 27минден алганбыз костюму 15минден жогору. Кечки спорт залдагы костюмдары
18.02.2022. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ainura220888, Сонун маалымат болуптур, Рахмат сизге Айнура эже.
18.02.2022. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
И тренировки учун отдельно айына акча толойсун. Отто коп акчаны отто коп мээнети энергияны талап кылган спорт. Конечно байкуш ичи ачышатда. Фигурная катаниеден кеткендеин спортивные бальные танцыга келдик, ал жак рай:))) жумасына 3 жолу групповые тренировки, индивидуально 2 жолу баары кеч болот. Окууга ишке тиешеси жок. Костюмдар 15-20минге чейин туфли 5миндин тегерегинде. Групповые + офп и растяжка в месяц 4000р + 650р индивидуальные 45мин. Туфли 1 сезонго жетет. Кыскасы ушундай:)
18.02.2022. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай амбициясы кучтуулор ийгилике жетишет озуно катуу ишенчи экен да,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: