super.kg logo

Пакистанда белгисиз жарандар телепродюсерди атып кетишти

 

Пасистандын Карачи шаарыБүгүн, 18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 45 жаштагы телепродюсер жеке менчик маалымат телеканалында иштечү. Ал балдарын мектепке алып барып, кайтып келе жаткан учурда ага мотоциклчен адамдар ок чыгарышкан. Атар Матин окуя болгон жерден каза тапкан.

Полициянын маалыматына караганда, күбөлөрдүн бир бөлүгү Матиндин машинеси менен кол салган кишилердин мотоциклин сүзүп алып чатак чыкканын айтса, экинчи бөлүгү журналистти талап-тоноо болгон учурда кол салганын айтышкан.

Ал эми Пакистандын ички иштер министрлиги кылмышты тыкыр иликтөө тапшырмасын бергени жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: