super.kg logo

Бразилияда селдин кесепетинен 130дан ашуун адам набыт болду

 

Бразилиянын Петрополис шаарында нөшөрлөгөн жамгырдан улам болгон жер көчкү жана суу ташкындарынын кесепетинен набыт болгондордун саны 130дан ашты. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, каза болгондордун ичинен 81и аял, 50сү эркек, ал эми алардын 22си жаш балдар. Дагы 213 адам дайынсыз болууда. Учурда жалпысынан 89 адамдын аты-жөнү такталды. Медициналык юридикалык институтка дагы башка үч дененин фрагменттери келип түшкөн, алардын жынысын аныктай алышкан эмес.

Ошондой эле куткаруучулар урандылардын астынан 24 адамды аман алып чыгууга жетишкен. Өрт өчүрүү кызматы төрт күндүк издөөдөн кийин тирүү курмандыктарды куткаруу дагы деле мүмкүн деп эсептейт.

Белгилей кетсек, буга чейин Бразилиянын Рио-де-Жанейро штатынын губернатору Клаудио Кастро Петрополис шаарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 78 адам, анын ичинде 8 бала каза болгону жана 35 жергиликтүү тургун дайынсыз жоголгондугун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: