Ош. Франция жана Кыргызстандагы Ош шаарларынын мамилесин бекемдөө боюнча маселелер талкууланды
Кечээ, 21-ноябрда Франциянын Кыргызстандагы элчиси Стефан Катта шаар башчысы Мелис Мырзакматов менен жолугушту. Жолугушууда Ош шаарыбыз менен Франциядагы Ош шаарынын байланышын бекемдөө жана эки тараптык карым-катнаштын өнүгүүсү жөнүндөгү маселелер талкууланды.
Ал өз сөзүндө Кыргызстан менен эми тааныша баштагандыгын жана түштүк калаанын 2010-жылдагы кайгылуу окуядан соң өзгөргөндүгү тууралуу көп сөздөрдү уккандыгын белгилеп өттү. Франциянын Кыргызстандагы элчисинин Ош шаары менен кызматташып жаткандыгы үчүн калаа башчысы өз ыраазычылыгын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

